• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткен: Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал көзөмөлдө

13 Бугу 2021 16:17 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал көзөмөлдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташ чыккан. Натыйжада эки өлкөнүн чектеш айылдарынын тургундары чек арага топтолгон.

«Эки тараптан топтолгон эл тарады. Чатакташкан кыргыз жараны менен өзбек жараны элдешти» деп айтылат маалыматта

Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.

Количество просмотров: 102