Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдувап Зулпуевге сөгүш берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Мындай чара көрүүгө окуу жайында жана анын филиалдарында жылуулук системасы иштебегени, студенттерге жетиштүү шарт түзүлбөгөнү, окуу жайынын эскирген материалдык-техникалык базасы жаңыланбаганы негиз болгон.
Министрликтин маалыматына караганда кесиптик жогорку билим берүүнүн чегинде бири-бирин кайталаган институттар түзүлгөнү да ректордун ишинин кемчилиги катары таанылган.
Кошумчалай кетсек, университет 2000-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө 5064 студент бар. Окутуучулардын саны – 167 киши. Университетке караштуу кесиптик орто билим берүү багыттары боюнча 1771 студент билим алат.