• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткен облустук телеканалынын журналисти каза болду

26 Жалган куран 2022 13:05 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук телеканалынын журналисти Арзуу Галымбетова 38 жашында каза болду. Бул тууралуу Баткен Медиа борборунан билдиришти.

Арзыгул Галымбетова 1984-жылы Ош облусуна караштуу Баткен районунда төрөлгөн.

2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында алып баруучу болуп баштаган.

2007-2008-жылдары «Кыргызстан обондору»радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.
2008-2009-жылдары «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.
2010-жылдан бери Баткен телеканалында редактор-баяндамачы,ага редактор,улук редактор кызматтарында эмгектенген.
2010-жылдан тартып АКИpress агенттигинин Баткендеги өкүлү болуп эмгектенип келген.

Ал мыкты кесипкөй журналист болуп,чек ара,аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларында байма-бай маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирип келген. Анын эмгеги эл эсинде калып,кыргыз журналистикасында өчпөс из калтырды.

Govori TVнын эмгек жамааты Арзуу Галымбетованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 1111