• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткен облусунда 2,6 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды 

18 Бештин айы 2023 17:18 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда 2 млн 650 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМК кызматкерлери УКМКнын чек ара кызматы менен бирдикте Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер а/а “Мурас-Арка” унаа жолунда 2023-жылдын 11-декабрынан 14-декабрына чейин төмөнкү контрабандалык жол менен келе жаткан товарлар кармалган:

1993-жылы туулган Арка айылынын тургуну Т.А.А. жана Кулунду айылынын 1981-жылы туулган тургуну Д.Б.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын башкаруусундагы эч кандай коштоочу документтери жок көп сандагы тиричилик техникалары бар 2 даана Мерседес Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа;

Кулунду а/а Кулунду айылынын 1985-жылы туулган тургуну А.А.А.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа, эч кандай коштоочу документтери жок кондитердик азыктары (650 коробка таттуу нерселер, жалпы салмагы болжол менен 3250 кг) менен.

Кармалган унаалар жүк менен бирге “Жаңы-Жер” чек ара заставасынын аймагына сактоо үчүн токтотулду. Эксперттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, кармалган жүктүн болжолдуу суммасы 2 миллион 650 миң сомдон ашык.

Бул фактылардын негизинде УКМК иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 173