• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткен ОИИБ: Жазага тартылган милиционерлердин Жолболдуеванын ишине тиешеси жок

23 Бугу 2022 15:51 Бишкек Govori.TV

Тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБнүн кызматкерлеринин Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тиешеси жок. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБнын жетекчилигинин тапшырмасы менен атайын түзүлгөн топ Баткен РИИБнин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшерген. Анда мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган.

«Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 2022-жылдын 15-апрель күнү корутунду чыгарат. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен Баткен РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин нөөмөт бөлүмү жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басары ээлеген кызматынан бошотулат»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин КР Акыйкатчы институтунун расмий сайтында блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине сөгүш берилип, кызматынан бошотулду” деген таризде маалымат жарыяланган болчу.

Количество просмотров: 143