УКМКнын маалымат кызматы чек ара жаңжалы учурунда өрттөнүп кеткен май куюучу жайлардын бири УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.
УКМКнын маалыматында, материалда көрсөтүлгөн «Томас жана Ко» компаниясы К.Ташиевге 2016-жылга чейин гана таандык болгону айтылат.
«Бул билдирүүлөр чагымчыл адамдар тарабынан атайылап жайылтылып, атайын кызматтын жана Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилигинин ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын жарандарына туура эмес маалымат таратып жатышат», — дейт УКМК.
Жана ошондой эле УКМК атайылап жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп эскертет.