• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

21 Жалган куран 202011:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирусун жуктурган алгачкы учур катталды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу, Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады.

Количество просмотров: 367