• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Баткен: Ташиев жабык жыйын өткөрүүдө

30 Чын куран 2021 11:41 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барып, ушу тапта ал облустук администрацияда жабык жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда, кыргыз тараптан 134 адам жараат алды, алардын 13ү каза болду. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө.

Облустук милиция ок атышуу токтогонун айтты, бейрасмий маалыматка караганда, айрым жерлерде ок атылып жатканы угулууда.

Баткен жана Лейлек райондорунда кеминде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл жана май куюучу 27 бекет толук өрттөлдү бир айылдын башчысын тажик тарап барымтага алды.

Количество просмотров: 232