• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткен: Жол кырсыгынан 2 киши каза болду

13 Аяк оона 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Баткендеги жол кырсыгынан эки киши каза болуп, жетөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районундагы Исфана-Кайрагач жолунун 13-чакырымында жекшембиде Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагылышып, эки киши каза болуп, жети адам жабыркады.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаада кыпчылып калган кишинин сөөгүн чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Жабыркагандар «Тез жардам» менен Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.

Количество просмотров: 894