Бүгүн 6-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Баткенде «Бий -бул ден соолук, ден соолук -бул сулуулук» акциясы өттү. Бул туурасында турмуш сайты жазып чыкты.
Маалыматта «Иш-чарада облус жетекчилиги катышуучуларды куттуктап, спорттун маанисин белгилешти. Акциянын алкагында 100дөй кыз-келиндер музыканын коштоосунда бийлеп, көнүгүүлөрдү жасашты. Мыкты бийлеген айымдар белектерге ээ болушту» -деп жазылат.