ТЭЦтеги авариянын себеби аныкталды. Дагы бир террорчу кармалды.Соңку жаңылыктар 12.03.18.
ТЭЦтеги авариянын себеби аныкталды. Дагы бир террорчу кармалды.Соңку жаңылыктар 12.03.18.
12 Жалган куран 201813:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.03.18.Govori.TV
ТЭЦтеги авариянын себеби аныкталды
Бишкек жылуулук электр борборунун мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу модернизацияга Кытай тарап бөлгөн 386 миллион доллардын ичинде «химиялык блок менен катар күл төгүүчү жай да салынган эмес» деп билдирди. Эмне салуу керектиги боюнча негизги маселелер техникалык тапшырмада жазылып турат. Модернизацияда салынган жабдуу Чоң Чүй каналынан суу алгандан тартып, күл төгүүчү жайга чейин өзүн камсыздашы керек. Бүгүнкү күндө химиялык цех менен күл төгүүчү жай жок. Химиялык цехтин жоктугу кырсыкка алып келди. Эми күл төгүүчү жайдын жоктугу кандай болот? Же өзүбүздүн акчабызга салабызбы… Ал 386 миллион доллардын ичинде курулушу керек болчу «-дейт Өмүркул уулу.
Дагы бир террорчу кармалды
Эл аралык террордук даярдыктан өтүп келген киши кармалды. Кармалган киши Кыргызстанда террордук аракеттерди көрүүгө даярданып жүргөнү аныкталды. Бул жөнүндө УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Ал эл аралык террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасы боюнча колго жасалган жардыруучу заттарды пайдалануу менен өлкө аймагында теракт жасоого даярданып жүргөнү аныкталды. Шектүүгө Кылмыш кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгү («Каражаттарды же куралдарды издөөнү же ылайыктоону тикелей ниетте жасоо, кылмыш жасоо үчүн макулдашуу же болбосо кылмыш жасоого башка атайылап жасалган шарттарды түзүү, кылмышка даярдануу»), 226-беренеси («Терроризм») жана 299-беренеси («Улуттук, расалык диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу шектүүнүн тек-жайы азырынча айтыла элек.
Бишкек-Ош жолундагы чектөө алына элек
Бишкек-Ош жолундагы чектөө алына элек. 11-марттан 13-мартка чейин унаа каттамына чектөө киргизилген. Бул туурасында ӨКМнин басма сөз борбору Govori.TVсайтына билдирди.Маалыматта «кар көчкү түшүү кооптуулугунан улам премьер-министр 11-13-март күндөрү саат 12.00дөн 00.00гө чейин чектөө киргизүү буйругуна кол койгон. Мында Чүйдөгү «Сосновка», Жалал-Абаддагы «Арал» посттору жана Таластын «Өтмөк» ашуусунун жолу жабылмакчы» -деп жазылат.Белгилей кетсек, кар көчкүгө байланыштуу ӨКМ буга чейин шашылыш билдирүү тараткан.
Ош базардагы өрттүн чыгымдарын ким төлөп берет? Көк бөрү оюну башталды. Соңку жаңылыктар 15.03.18.
Бишкек.15.03.2018.Govori.TV Ош базардагы өрт Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов»Ош базардагы» …