Талас облусунун Кара-Буура районундагы «Манас» орто мектебинин 10-классынын окуучусу өз жанын кыйып асынып калды. Бул туурасында Талас ОИИБнын басма сөз борборунан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 5-апрель күнү болгон. Окуучу кыз өзү жашаган үйгө асынып калган. Ал 2001-жылы туулган Кызыл-Адыр айылынын тургуну . Учурда окуучунун өлүмүнүн себеби иликтенип жатат.