• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде 16 тонна контрабандалык күрүчтү ташып келген жаран кармалды

31 Жалган куран 202311:57 Бишкек Govori.TV

Баткенде 16 тонна контрабандалык күрүчтү ташып келген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте 30-мартта С.С.М. аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 16 тонна контрабандалык күрүч табылган. Анын болжолдуу баасы 2 млн сомду түзөт.

Учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Количество просмотров: 251