• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды

7 Тогуздун айы 202210:02 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун Достук айылында 47 турак үй тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды.

Баткен районунун Миң-Булак айылында өрттөлгөн сегиз турак үй аныкталып, бүгүнкү күнгө карата ӨКМ куткаруучуларынын кол күч менен тазаланып бүткөрүлдү.

Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үй толугу менен тазаланып, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.

Количество просмотров: 132