«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, КР УКМКнын Чек ара кызматкерлери менен биргеликте бажы мыйзамын бузуу фактысын аныкташты.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чон-Талаа айылында КР жарандары Г.М.М. жана М.С.М. башкаруусунда 2 автоунаа каражаты токтотулуп, текшерүүгө алынган. Автоунаалардын жүк бөлүгүнөн жүк коштоочу документтери жок 1847 кг жүзүм табылган.
Кармалган товардын алдын ала баасы 184 миң 300 сомду түзүп, иштин бардык жагдайлары такталганга чейин жүк убактылуу сактоо үчүн «Кайырма+Дума» ЖЧКнын аймагына коюлган.
Чогултулган материалдар, «Баткен» бажысынын Бажы териштирүү секторуна өткөрүлдү.