• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде 20 тонна аткезчилик тоок эти аныкталды

1 Тогуздун айы 2018 9:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Баткен облусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкаруу кызматкерлери жана Мамлекеттик бажы кызматы Баткенде аткезчилик жол аркылуу алынып келинген этти аныкташкан. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын текшерүү иштеринин алкагында 29-сентябрда болжол менен саат 11:30дар чамасында Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз жол аркылуу кесип өткөн оор жүк ташуучу унаа токтотулган.
Жүк ташуучу унааны текшерүү маалында жалпы салмагы 20 тонна болгон тоок эти бар экенин аныкталган.
Мыйзамсыз жол аркылуу алынып келинген товардын болжолдуу баасы 4 млн. 800 миң сомду түзгөн. Учурда тергөөгө чейинки иштер жүрүп жатат.
Количество просмотров: 23