• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде 3 тоннага жакын жер семирткичти ташып чыгуу аракети көрүлгөн

11 Чын куран 202311:25 Бишкек Govori.TV

Баткенде 3 тоннага жакын контрабандалык жер семирткичти ташып чыгуу аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан 28 жаштагы К.М.Э. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан.

Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 85