• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Баткенде 3 жашар кыз каналга түшүп кетип каза болду

12 Кулжа 201916:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.

Баткен облусуна караштуу Самаркандек айылында 3 жашар кыз каналдагы сууга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Окуя 11-июнда катталган.

Маалыматка караганда, 3 жашар кыз ойноп жатып үйүнүн жанындагы каналга түшүп кеткен.

«Кызды ошол жерде жүргөн адамдар көрүп калып суудан алып чыгышкан. Алар наристенин сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 34