• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Баткенде 32 мечит менен 5 диний окуу жайдын иши токтотулду

10 Тогуздун айы 2023 12:04 Бишкек Govori.TV

Диний чөйрөдө алдын алуу-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тиешелүү мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, топтун курамына УКМКнын, ИИМдин, ДИМКнын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, башкыархитектуранын өкүлдөрү, “Кадастр” мамлекеттик мекемеси жана КМДБнын өкүлдөрү киришти.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди. Мындан тышкары 32 мечиттин жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 8 материал Маалыматтарды каттоо журналына катталды»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 283