• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Баткенде аткезчилерди кармоо учурунда ок атылган

21 Чын куран 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

Баткен чек арасынан Тажикстандан Кыргызстанга аткез жүк алып өтүүгө аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Баткен районунун Өрүкзар тилкесинде кызмат өтөгөн чек арачылар Hyundai-Porter унаасын тосушкан. Айдоочу буйрукка баш ийбей качып, аскерлер дөнгөлөккө атып токтотушкан.

Унааны текшергенде ичинен 500 килограмм жаңгак, 560 килограмм нават, 1 миң 620 даана суусундук, 10 килограмм кыям — жалпы 1,5 тоннадан ашуун жүк табылган. Унаанын 33 жаштагы У.К. аттуу айдоочусунда жүккө тиешелүү документтер, алып өтүүгө уруксат кагаз жок болгон.

Айдоочу жүгү менен кошо андан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 122