• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенде бир катар чектөөлөр кабыл алынды

9 Теке 2020 13:17 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук штабда облустагы акыркы кырдаал талкууланып, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

-10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;

-Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;

-Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү алуусуна тыюу салынат;

-Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;

-Той же мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;

-Дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын жогорулаткан жарандарга катуу чаралар көрүлөт;

-Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга баруучу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;

-Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштейт.

Количество просмотров: 137