Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 20-ноябрда саат 10:10до Кыргыз Республикасынын аймагында күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында 2.5 баллга (Коргон айылынан 28 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 70 чакырым түштүктө) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Эске салсак, Баткен облусунун аймагында бүгүн саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталганы тууралуу маалымат берилген.