• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Баткенде дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси Жогоку Кеңеште көтөрүлдү

28 Аяк оона 202210:26 Бишкек Govori.TV

Депутат Марат Мураталиев бүгүн, 28-сентябрда Баткендеги соңку окуядан кийин дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселесин Жогорку Кеңеште көтөрдү.

“Баткен окуясында Анарбеков Дастан деген балабыз бүгүнкү күндө дайынсыз жок болуп жатат. Ата-энеси аябай сарсанаа болуп, кайгыруу менен издеп жатышат. ДНК тактап беришсин, тез арада тапшырма бериңиздер»,-деди депутат.

Кошумчалай кетсек, 21 жаштагы Дастан Анарбеков Аскер институтун аяктап, Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана УКМКга кайрылышкан.

Количество просмотров: 166