• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде дээрлик 5 кг баңгизат менен коңшу өлкөнүн жараны кармалды 

10 Тогуздун айы 202310:01 Бишкек Govori.TV

Баткенде «Мак-2023» атайын иш-чарасынын алкагында баңгизат сатууга шектелитп коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан менен чек арадан алыс эмес жерде 1998-жылы туулган А.Ж. аттуу коңшу мамлекеттин жараны кармалган.

Кармалган шектүүнүн жанынан 4 кг 958 грамм афган тектүү «гашиш» баңгизаты табылып, алынды.

Кармалган жаран А.Ж. ири өлчөмдө баңгизат сатууга айыпталып, кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 151