• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенде үйүндө желим бөтөлкөдө бангизатын сактап жүргөн адам кармалды

12 Теке 2021 15:03 Бишкек Govori.TV

Баткен РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин алынган ыкчам маалыматтын негизинде кылмыш иши ачылып, бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери алынган маалыматты тактоо максатында Баткен шаарынын 43жаштагы Х.А.аттуу тургунунун жашаган турак-үйүнө Баткен райондук сотунун «алуу жана тинтүү» токтомунун негизинде Баткен бажысынын кинология кызматынын «Жюль» аттуу кызматтык ити менен биргеликте тинтүүгө кирген. Тинтүү мезгилинде өзгөчө жыты бар, жашыл түстөгү өсүмдүк сыяктуу бангизаиына окшогон зат, өзгөчө жыты бар жана ылдыйкы капталында бирден тешикчеси бар 4даана желим бөтөлкөлөр табылып алынган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, алынган заттарга жана 4даана желим бөтөлкөлөргө соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, экспертизанын корутундусунда жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат 146,2грамм өлчөмүндөгү (кургатылган) марихуана, жумшак пластилин сыяктуу 465грамм өлчөмүндөгү гашиш, ал эми 4даана желим бөтөлкөлөрдүн ички бөлүгүндө гашиш жана марихуана сыяктуу наркотикалык заттардын издери бар экендиги аныкталды.

Бул факты Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси (бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз даярдоо) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кармалган Х.А. аттуу жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 229