• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Баткенде үй тибиндеги 11 бала бакча ачылды

16 Бугу 2024 12:04 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда үй тибиндеги 11 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, КР министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, «өкмөттүк акселераторлор» программасынын «КРда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» долбоорунун алкагында кызыкдар тараптарга үй тибиндеги бала бакчаларын ачууга жеңилдетилген шарттар каралган.

Ага ылайык, бүгүнкү күндө жалпы облус боюнча 11 үй тибиндеги балдар бакчалары ачылып, 15 тайпада 397 бала тарбияланууда. Алдыда дагы 11 үй тибиндеги бала бакчанын ачылуусу күтүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө мектепке чейинки курактагы балдардын 75% дан ашыгы бала бакчага барбайт. Ал эми Баткен облусунда мектеп жашына чейинки балдардын 26,6% гана мамлекеттик бала бакчаларга тартылган.

Мындан улам өлкөдөгү бала бакчалардын жетишсиздиги жана бала бакчадагы билим, балдардын билиминин негизи экени эске алынып, «өкмөттүн акселераторлору» долбоору старт алган.

Анын максаты- кызыкдар тараптарга өз үйүндө, үй тибиндеги бала бакча уюштурууга жардам берип, балдарды бакчага тартуу болуп саналат. Бала бакча ээлери салык жана башка төлөмдөрдөн бошотулуп, балдардын саламаттыгына байланыштуу коопсуздук жана санитардык эрежелерин сактоосу гана жетиштүү болот.

Количество просмотров: 59