• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенде канча турак үй колдонууга берилди?

24 Бирдин айы 2023 16:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-февралда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы бүткөн үйлөрдүн курулушу менен таанышты.

Жергиликтүү тургундар менен баарлашуу учурунда Акылбек Жапаров чек ара, жазгы талаа иштерине жана башка социалдык маселелерге байланыштуу суроолорго жооп берген.

“Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Тажикстан менен дагы чечебиз. Маселе Президенттин көзөмөлүндө. Президенттин тапшырмасы менен бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктоодо. Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун”,-деп билдирген Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин толук салынып бүткөн турак жайларды кошкондо бүгүнкү күндө 332 үй колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн толук курулушу мартта аяктайт.

2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен, Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө.

Количество просмотров: 172