• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткенде киши өлтүрүүгө шектүү жаран Бишкекке келе жаткан жеринен кармалды

13 Теке 2020 16:04 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү саат эртең менен 07:00 чамасында шаардагы Пионер көчөсүндө эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө топ, маркумдун денесинде жарааттардын бар экенин аныкташкан.

Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө башталган. Анда кылмышка шектүү катары өткөн жылдын сентябрь айынан бери издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы тургуну из жашыруу максатында Бишкек шаарына кетип бара жаткан жеринен Кызыл-Кыя шаарындагы автобекеттен кармалган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып,  шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 135