• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Баткенде мал уурулуктун бети ачылды

9 Жалган куран 2023 17:37 Бишкек Govori.TV

Баткенде кылмыштын изи сууй электе мал уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 54 жаштагы тургуну өзүнүн жашаган үйүндөгү короосунан 2023-жылдын 2-мартынан 3-мартына караган түнү белгисиз адамдар тарабынан базар баасы 70миң сомдук бир баш бодо малы уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.

Бул факт Баткен ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

«Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынан Баткен шаарынын кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ф.С., 24 жаштагы Т.М. жана 22 жаштагы Т.Д. аттуу тургундары кармалып, уурдалган бодо мал өз ээсине кайтарылып берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 117