• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде милиция элге каршы курал колдонгонбу?

24 Теке 2019 15:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.07.2019.Govori.TV.

Баткен облустук милициясы элге каршы курал колдонгон жок. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 “Бүгүн милиция кызматкерлери жол тосуп турган жыгачтарды алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Ворух-Ак-Сай жолун ачуу керектигин айтышкан. «Камаз» үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси А 1200 L болгон жүк ташуучу унаанын ээси, сүрүп айдап келип, жолдун ортосуна шагыл төгүп салган. Ошол учурда анын бул мыйзамсыз аракетине бөгөт коюууга аракет кылышкан милиция кызматкерлерине карата айылдын тургундары массалалык түрдө таш ыргытышып,  мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан жолду ачуу максатында атайын үн чыгаруучу каражаттары колдонулуп, айылдын тургундары жолдун четине сүрүлүп чыгарылды», — дейт ИИБ.

Ал эми социалдык түйүндөрдө жарыяланган фото жана видеолор чындыкка дал келбеген чагымчылдык экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда милиция Ак-Сай-Ворух жолун ачуу үчүн айыл тургундарына каршы желим октор менен атканы маалымдалган. 

Количество просмотров: 18