Максат айылындагы атышууда жаракат алган 11 жаран Башкы Штабдын атайын аскердик учагы менен Бишкек шаарына алынып келинет. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Максат айылындагы атышууда 13 адам жаракат алган, алардын жетөөсү аскер кызматкерлери. Учурда алар Исфана шаарындагы ооруканада жатат. Алардын ичинен эки чек ара кызматкеринин абалы оор деп бааланууда. Калган 11 жаран Башкы Штабдын атайын аскердик учагы менен Бишкек шаарына алынып келинет.
«Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын УКМКсынын биринчи орун басары Хикматулло Пираков баштаган топтор бүгүн жолугушат»,-деп айтылат маалыматта.