• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткенде мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталды

27 Жалган куран 2024 12:15 Бишкек Govori.TV

Баткен шаарында “Ыйман” илим жана маданий борбору медресеси каттоодон өтпөй иштеп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Медреседе 20дай жаш бала окуп жаткан.

Бул факты Баткен ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында “Нелегал” иш-чарасы жүргүзүлүп, анын алкагында медресе, мечиттер текшерилип, ал жерде тарбияланып жаткан балдар менен баарлашуулар өткөрүлдү.

Теги:
Количество просмотров: 97