Баткен облусунда коронавирустан дарыланып жаткан киши ооруканадан качып кетип, бир күндөн кийин каза болду. Бул маалыматты Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, Баткен облусттук бириккен ооруканасынан 7-июлга караган түнү качып кеткен бейтап 1964 жылы туулган Б.Ш. аттуу жаран болгон. Ал оорунун кесепетинен 8-июлда каза болду.
Ооруканадан чыгып кеткен бейтапты издеп дарыгерлер менен милиция кызматкерлери анын үйүнө издеп барышкан. Бейтап дарылануудан баш тартып, анын үй-бүлөсү обочолонгон.
«Б.Ш. атту жаран облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнөн качып кеткен. Маркум 2-июлда Бишкектен келген жана анын анализинен коронавирус аныкталган. Ошол эле күнү ооруканага жаткырылган. 7-июлда өзгөчө абал режимин бузуп, илдеттен толук айыкпастан качып кеткен. Факт Баткен шаардык ИИБне Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган», — деп айтылат маалыматта.