• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Баткенде сел кесепеттерин жоюу боюнча чукул жыйын өттү

23 Чын куран 2024 10:24 Бишкек Govori.TV

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн эрте менен күн мурун аймакта катталган селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам жыйын өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, 22-апрелдин түнү облус аймагында өзгөчө кырдаал катталган жок, күндүз келген селдин кесепеттерин жою боюнча жеринде жарандык коргонуу кызматтары тынымсыз иштеди.

Облус башчысы сел суулары жүргөн аймактарда аткарылып жаткан иштер боюнча район-шаар башчыларынын, ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын маалыматын угуп, жалпы жарандык коргонуу кызматтарына, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам аракеттерди көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Белгилей кетсек, кечээ нөшөрлүү жаандан кийин Раззаков, Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунун калктуу конуштарында сел жүргөн. Жалпысынан облустун аймагындагы 22 турак үйгө, 29 жер төлөөгө, 76 короолорго, 1 социалдык обьектиге сел суулары кирген. Ошондой эле 12,7 чакырым унаа жана ички чарбалык жолдор, 2300 метр ички арыктар жабыркаган.

Сел жүргөн аймактарда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, райондук жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтары, комиссиялары менен биргеликте ыкчам түрдө кесепеттерин жоюу иштерин алып барууда. Дээрлик бардык турак үйлөр сел сууларынан тазаланды.

Жыйында ӨКМ башкарамалыгынын башчысы жаз мезгилинин келиши менен аба ырайынын божомолуна карай, облустун жарандык коргонуу тутумун «жогорулатылган» иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

Облус башчысы жарандык коргонуу кызматын «жогорулатылган» иштөө режимине өткөрүү боюнча буйругуна кол койду. Буйрукта төмөнкүдөй тапшырмалар коюлду:

— Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумдарынын күчтөрүн жана каражаттарын биринчи кезекте өзгөчө кырдаал болгон жерлерден адамдардын өмүрүн сактап калууга буруу

— калктын жашоосу үчүн негизги ролдорду ойногон экономика объекттеринин туруктуу иштешине кам көрүп, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу

— кооптуу участоктордун абалын күнү-түнү аныктоо иш-чараларын уюштуруп, Жарандык коргонуну башкаруу органдарынын башкаруу пункттарында күнү-түнү болушун камсыз кылуу.

Количество просмотров: 45