• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Баткенде тиричилик техникасын мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюлду 

8 Баш оона 2023 17:14 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда турмуш-тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-августт контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кошуна өлкөнүн аймагына тиричилик техникасын алып өтүү фактысын аныктап, мыйзамсыз аракеттерди токтотушкан.

Арка айылынын Жаңы-Жер айыл аймагынан 1988-жылы туулган Б.А. аттуу КР жараны 1 млн 205 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасы түрүндөгү жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кармалган.

Аталган унаа контрабандалык жүк менен Жаңы-Жер мамлекеттик коругунун аймагына жеткизилген жана бул факты документтештирилген.

Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 77