Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан аймактардан 33,3 миң кыргызстандык коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
«Баткен районунун Ак-Сай, Актатыр, Карабак жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн жалпы 33 миң 388 адам эвакуацияланды. Алардын ичинен 19 миң 142си балдар”, — деп билдирди ал.
Бүгүн, 2-май саат 09:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына чыгара башташты.
Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 178 адам жабыркап, алардын 34ү набыт болгон.