4-январда Баткен шаарында каза болгон жаш келиндин өлүмүнүн чоо-жайы такталды. Бул тууралуу Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, 1993-жылы туулган келин жолдошунун ур-токмогунан каза тапкан. Ошол күнү жубайлардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Жолдошу келинчегин уруп-сабап, андан соң түнкү саат 1:00 чамасында өзү медициналык тез жардам кызматын чакырып, Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирген. Дарыгерлерге «өзү жыгылып калды» деп айткан. Бирок келиндин денесиндеги күйүк, көгөргөн тактардан улам дарыгерлер милицияга кабарлашкан. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары ошол эле күнү күйөөсү С.Ш.А.ны кармашкан. Эртеси күнү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн соң келиндин денеси жакындарына тапшырылды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ал күнү күйөөсү мас абалда болгону айтылып жатат. Келин 5 бир туугандын улуусу болгон. Жубайлардын ортосунда 2 уул, 1 кызы бар.