• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде жаш кыз бычак жеп каза болду

16 Чын куран 202416:39 Бишкек Govori.TV

Баткен районунда 16 жаштагы кыз бычак жеп каза болду. Маалыматты Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, А.К. аттуу кыз эки жерине бычак сайылган абалда 15-апрелде, саат 21:05 чамасында Баткен облустук борбордук ооруканасына түшкөн. Ооруканада эсине келбей каза болгон.

Факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.

Кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Количество просмотров: 283