• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткенде жол кайгуул кызматкерлеринин жоон тобу кармалды

25 Үчтүн айы 2024 18:09 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, Баткен облустук ИИБ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу тогуз кызматкерлери кызмат абалынан системалуу түрдө пайдаланып жүргөндүгү аныкталган.

Алар айдоочулардан, анын ичинде жол кыймылынын эрежесин бузгандардан административдик протоколдорду түзбөгөндүгү жана административдик айып пул салуу үчүн опузалап акча өндүрүүгө туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алышкан.

Топтолгон текшерүү материалдарынын негизинде Баткен ОИИБнин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду.

Анын алкагында сот органдарынын санкциясынын негизинде атайын тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп, анын натыйжасында Баткен облусттук ИИБ Жол-кайгуул кызматынын 9 кызматкеринен пара алуу фактылары аныкталган, анын ичинде:

Р.у.И. жана Э.Б.А. 2000 сом;
Ш.З.З. 1500 сом;
С.У.М. 3000 сом жана С.3.А. 3000 сомдон алып турушкан.
2024-жылдын 24-январында Баткен-Раззаков унаа жолунун айыл аймагындагы тилкесинде Баткен районунун Көк-Таш айылында кезектеги мыйзамсыз акча алуу учурунда Баткен ОИИБнин жол кайгуул кызматынын кызматкерлери милициянын старшинасы Т.А.К жана Ю.Б. кармалды.

Белгилей кетсек, өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка ылайык, Баткен облусунун чек ара аймактарында кызмат өтөп жаткан өлкөнүн укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн стимулдаштырууга багытында, Баткен облусунун чек ара аймактарында кызмат өтөшөт, Баткен облусуна которулган учурдан тартып, башкача айтканда, 2023-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин жогорулатылган эмгек акы (ай сайын 70 миң сомдон) төлөнгөнүнө карабай, бул жагдайга көңүл бурулбай, экинчиси туура баалабай, жогоруда аталган жыйынтыкка алып келгендигин айтып кетсек болот.

Азыркы учурда, бул кылмыш ишинин алкагында тиешелүү материалдардын алкагында бул коррупциялык схемага катыштыгы болуп, кармалган адамдардын, анын ичинде Баткен облусунун Жол кайгуул кызматынын башка кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 2001