• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде жол кырсыгынан 1 адам каза болду

24 Баш оона 202110:36 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 112-чакырымында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай “КамАз” оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен “Honda Stepwgn” унаанын айдоочусу (1995-ж.т. Б.А.) аттуу эркек киши каза болгон.

Жерине №76 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 384