Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Баткен облусунун Лейлек районунда унаа сууга түшүп, 6 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Исфана-Андарак жолунда катталып, «Форд Транзит» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай сууга түшүп кеткен. Натыйжада 2013-жылы туулган К.Б. каза таап, 1981-жылы туулган айдоочу М.Ж. жеңил жаракат алган.
Белгилүү болгондой, кырсык болгон жерде 6 куткаруучу иштеп, каза тапкан баланын денесин суудан алып чыгышкан.