Баткенде жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айылында Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1967-жылы туулган эркек адам каза болуп, дагы 2 эркек киши жабыркаган.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамды унаадан чыгарып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды «Тез жардам» кызматы ооруканага алып кеткен.