• Шаршемби 25 Жетинин айы 2020

Баткенде жол кырсыктан 5 адам каза болду

8 ноября 2020 в 20:44 Бишкек Govori.TV

Баткен районунда болгон жол кырсыгынан 5 адам каза тапты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык бүгүн, 8-ноябрда болгон. Ош-Исфана жолунда, Рават айылынын аймагында “Мерседес-Бенц” жана “ДЕУ-Нексия” машинелери кагылышып, жүргүнчүлөр каза болушту.

Учурда каза тапкан адамдардын ысымдары такталып, кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 82