• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча иликтөө. «Sputnik Кыргызстандын» башкы редактору кечирим сурады

3 Бирдин айы 2023 13:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери убагында бүтпөй калганы боюнча чыккан материалдан кийин «Sputnik Кыргызстан» агенттигинин башкы редактору кечирим сурады.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттиги «Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?» деп аталган материал жарыялап иликтөө жүргүзгөн. Анда эмне себептен үйлөр белгиленген мөөнөттө курулуп бүтпөгөнү, өкмөттөн акча бөлүнүп, бирок субподрядчыларга жетпей калганы жана 20 жаштагы студенттин кечээ жакында негиздеген компаниясынын тендерди утуп алганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Кийин президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине маек куруп, Баткендеги үйлөрдүн чуу жараткан курулушу тууралуу айтып берген.

«Баткендеги салынып жаткан үйлөр боюнча айта турган болсом, эл үчүн дагы, бул иштен тынымсыз кыйкым издеген журналисттер үчүн дагы абдан кызык болот. Ошондуктан менин иш башкаруучум Каныбек Туманбаевге жана “Аманат курулуш инвест” компаниясына эмнеге асылып жатышканы боюнча толук маалымат берейин. Былтыр сентябрь айында Баткендеги жабыркаган үйлөрдү жаңыдан куруу жаатында долбоорлорду даярдоо боюнча Мамлекеттик курулуш жана турак жай агенттигине тапшырма бердим. Бир аптадан кийин долбоорду алып келишти. Алардын сметасы боюнча ар бир үйдү 5 млн 500 миң сомдун тегерегинде курушубуз керек экен. Анан мен Иш башкармалыктын жана жеке курулуш адистерин топтодум дагы: “Ар бир үйгө 5 млн 500 миң сом кетет деген бул өтө кымбат. Ортодо мамлекеттин акчасын жеп көнүп калышкан мамлекеттик кызматкерлердин бул сметасы мага жаккан жок. Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы”, деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 млн 300 миң сомдон акча кетет экен. “Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула”, деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, “Ии болуптур, сала бергиле” деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. А мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да. Алар: “Ушунун баарын Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат” деп ойлоп атышат. Ошол үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты»,-деген ал.

Ошол эле учурда президенттин аминистрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Баткендеги үйлөрдүн курулушу боюнча иликтөө боюнча соцтармактагы баракчасына пикирин билдирип чыкканы бар.

Количество просмотров: 84