УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына билдирүү жазып, күйөөсүнүн колунан каза тапкан 23 жаштагы келиндин окуясы боюнча кыз-келиндерге кайрылды.
«Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде, сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыңыздар!
Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз!
Эне бар, үй бүлө бар, Мекенибиз болот», — деп жазган Ташиев.
Эске салсак, Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында жолдошунун ур-токмогунан 23 жаштагы келин каза болгон.
Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалган.
23 жаштагы Айкыз Калмурза кызынын жакындарынын айтымында, ал 2023-жылы июнь айында күйөөсүнүн токмогунан кийин ооруканада он күн дарыланып, окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган.