• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Баткендиктер чек ара чырын чечүү үчүн жер алмашууга даяр

13 Үчтүн айы 202011:55 Бишкек Govori.TV

АКИ пресс маалымат агенттигинде маалымат жыйын өтүп анда Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундары бийликке кайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, буга чейинки чыр-чатактар кайым-айтышуу менен болуп келсе, айрымдарында ок да атылып жатат, тургундардын өмүрлөрү коркунучтар болуп жатат .

«Бийликтен суранаарыбыз делимитация жана демаркация маселесин эртерээк карап чыгып, жагдайды чечип берүүнү суранат элек. Жакын жайгашкан эки элдин ортосунда ар дайым эле уруш, талаш-тартыш жүрө берет, уруштар чыга берет. Бийлик такыр эле көңүл бурбайт койду дегенден алыспыз, бирок жетишээрлик болуп жатат. Мисалы биз алмаштыруу жолдорун да жана болжолдуу түрдүү алмаша турчу жерлерди да сунуштап жатабыз»,-деди Көк-Таш айылынын тургуну.

Эске салсак, буга чейин чек арада жайгашкан бул айылда 9нан 10-январга караган түнү чыр чыгып, мергенчилик куралдан ок да атылган. Чыгр чыккан аймакка маселени жөнгө салуу максатында ИИМ министринин орун басары, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары жөнөп кеткен болчу.

Количество просмотров: 59