• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Баткендин Сай айылында 67 турак үй сел коркунучунан корголот

23 Бугу 202416:54 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткен районунун Сай айылында да болду.

Ведомстводон билдиришкендей, министрдин орун басары аталган айылда сел өткөрүүчү сайдын абалы менен таанышып, жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө алдын алуу багытында тиешелүү иштерди аткаруу боюнча тапшырмаларды койду.

Натыйжада аталган айылдагы 67 турак үй, 800 метр ички чарбалык арык жана 700 метр ички чарбалык жол сел кооптуулугунан коргоого алынат.

Мындан сырткары, сай жээгине 200 даана габион торчосу орнотулуп, Сай айылында сел кырсыктарынан коргоо чаралары ишке ашырылат.

Количество просмотров: 111