Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун беттешүүсүнүн протоколу соцтармакта тарап жатат.
2019-жылдын 21-августу деп белгиленген документте беттешүүнү (очная ставка) ИИМдин тергөө тобунун башчысы Эркинбек Аширходжаев алып барган. Атамбаев ал жолу да суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.
Шамиль Атахановдун айтымында, ал 2011-жылы УКМКнын төрагасы болуп дайындалгандан эки-үч ай өтпөй, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ага Жаныш Бакиевди экстрадициялоо милдетин коет.
«Экстрадициялоо боюнча бардык мыйзамдуу жолдор оңдуу болбогон үчүн, атайын операция жүргүзүү тууралуу сөз болгон. Мен маселени кызматкерлер менен иштеп чыкмай болгом. Бир аз убакыт өткөндөн кийин операцияны өз күчүбүз менен өткөрө аларыбызды, акча каражаты керек экенин жеткирдим. Маселе президенттин кароосунда калган», — деп айтылат протоколдо Атахановдун сөзү.
Ал кошумчалагандай, Кыргызстанга жеке учак менен Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун таасирдүү адамы — Мамдуманын депутаты Адам Делимханов келгенин айтат. Атамбаев Атахановго ошол Делимханов менен жолугууга уруксат берген.
«Учакта биз жолугушуу өткөрүп, Делимханов Азиз Батукаев көптөн бери оор илдет менен ооруп жүргөнүн, бошотулуп, Чеченстанга экстрадицияланса болорун айтты. Мен андай болушу мүмкүн эместигин, чындап оорулу экенин далилдөө үчүн текшерүүлөр болушу зарылдыгын айттым. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө маселени чечүүнүн бир варианты катары алар Жаныш Бакиевди экстрадация кылса, биз Батукаевдин бошотулушун боюнча маселени карап көрө аларыбызды айттым», — деп айтылат Атахановдун сөзү.
Анын айтымында, Адам Делимханов дароо жооп берген эмес. Орусиялык саясатчы Атахановго кийин байланышка чыгып, Азиз Батукаевди бошотушса, Жаныш Бакиевди экстрадиция кыла алышарын билдирет.
«Бул тууралуу мен Алмазбек Атамбаевге маалымат бердим, кол коюлбаган түшүндүрмө катты бердим, анда Батукаевдин абалы, анын Кыргызстандын криминалдык абалдагы орду тууралуу айтылган».
Атахановдун айтымында, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин оорусу абактан бошотулчу оорулардын катарында болгон эмес. Мындан улам Атаханов УКМК кызматкери М.Бекеновго Батукаевди дартка байланыштуу бошотууга себеп тап деп буйрук берген.
«Бул атайын операция болчу», — дейт Атаханов.
Анын айтымында, Азиз Батукаев менен Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияевдин топторунун ортосунда каршылашуу ошол кезде күчөп жаткан.
«Мамлекет башчысы операцияга макулдугун берип, чечендер сөзүнө турарына кандай кепилдиктер бар деген суроону койгон. Бул шектенүүлөрдү мен Делимхановго жеткирдим. Ал Рамзан Кадыров Атамбаев менен сүйлөшүп, өз милдеттерин мойнума алам деп айта аларын билдирген».
Атаханов эки преиздент ортосунда сүйлөшүү болгонун кийин Делимхановдон угат.
«Көп өтпөй Атамбаевден Азиз Батукаевди бошотуу жана Жаныш Бакиевди экстрадициялоо боюнча операцияны өткөрүүгө тапшырма алдым».
Атаханов тапшырманы УКМК кызматкерлери, тагыраагы М.Бекенов аркылуу аткарган.
Шамиль Атаханов УКМКдан кеткенден кийин да бул маселе менен алектенгенин айтат. Бирок ЖАМК төрагасы Зарылбек Рысалиев менен байланышуудагы кыйынчылыктардан улам процесске президенттик аппараттын коргонуу, коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиевди тарткан экен.
Атахановдун айтымында, чечен тарап Жаныш Бакиевди экстрадициялоо боюнча милдетин аткарбай койгон, анткени маалымат сыртка чыгып кетип, Бакиев Араб Эмираттарына качып из жашырат.
Протоколго Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев менен Замирбек Жоошев, Шамиль Атаханов менен адвокаты Султан Баратовдун колу коюлган. Мурдагы президент документке кол койгон эмес.






Булак: jebe.media