• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча тергөө иштери аяктады

5 Аяк оона 2019 11:47 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөр расмий түрдө тергөөнүн аяктаганын жарыялады. 27 томдон турган кылмыш ишинин материалдары менен Алмазбек Атамбаев толук таанышып бүткөндөн соң, иш сотко өткөрүлүп берилет.

“Мыйзам боюнча кылмыш ишинин материалдары менен танышып чыгуу үчүн убакыт чектелбеши керек. Бирок биз берилген убакыттын ичинде карап чыгып, ага тийиштүү иш кагаздарын даярдайбыз. Иш менен таанышкандан соң, прокурорго андан кийин сотко өткөрүлүп берилет”,-деди жактоочу Сергей Слесарев.

Ал эми бул иш туурасында ИИМ расмий маалымат таратып, Батукаевдин абактан мызамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөө аяктаганын жана бул иштин алкагында айып тагылган шектүүлөргө материалдар таанышууга берилгени айтылган.

Маалыматка ылайык, жакынкы мезгилде бул иштин материалдары Башкы прокуратурага андан ары соң сотко берилет.

Количество просмотров: 204