• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Атамбаевдин бөгөт чарасын кароо кийинки жылга калды

22 Бештин айы 2021 16:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку сот «Батукаев иши» боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароону 17-январга калтырды. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, отурумдун жылдырылышына юристтердин биринин соттук иштин документтери менен таанышып бүтө электиги себеп болгон.

«Экс-президент Алмазбек Атамбаев №47 абакта 17-январга чейин болот»,-деди жактоочу.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин жактоочулары «Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган» деп, Жогорку сотко арызданышкан. Натыйжада адвокаттардын арызы канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген. 2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

21-декабрда Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын берүүнү териштирген кылмыш иштин алкагында Атамбаевдын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн Биринчи май райондук соту кабарлаган эле.

Количество просмотров: 165